• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта баткендик бир тууган милиционерлер өрттөнүп жаткан үйдөн үч баланы алып чыгышты

Кырсык 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда баткендик бир тууган милиционерлер өрттөнүп жаткан үйдөн үч баланы алып чыгышты. Бул тууралуу өрттөнгөн үйдүн жашоочусу Махабат Абдыкалыкованын ИИМге жиберген катында жазылат.

Маалыматка ылайык, өрт Сокулук районундагы үйлөрдүн биринде түн ичинде чыккан.

“Үч кичинекей балам менен уктап жаткан учурда үйдөн өрт чыккан. Аны коңшу жашаган Улан Исаков менен Каныбек Исаков экөө өрттү байкап калып, биздин үйгө чуркап келишкен. Ошол убакта мен дагы ойгонуп кетип, тегерегимди байкасам өрт алоолоп күйүп жатыптыр. Эмне кыларымды билбей, эшик көздөй жөнөдүм. Ошол учурда эшиктен чуркап келе жаткан кошуналарым Улан менен Каныбекти көрдүм. Алар үйгө кирип, 4, 7, 8 жаштагы балдарымды аман-эсен алып чыгышты. Анан 2-3 мүнөттөн кийин үйдүн чатыры кулап, үй толугу менен күйүп кетти. Өз жандарын аябай жардам беришкен бир тууган милиция кызматкерлери Улан менен Каныбек Исаковдорго терең ыраазычылыгымды билдирем”, - дейт ал.

Махабат Абдыкалыкова ИИМден Улан Исаков менен Каныбек Исаковго кесиптик ишин баалап, сыйлык тапшыруусун суранган.

Улан Исаков ИИМдин атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун 2-ротасынын 3-взводунун милиционери. Каныбек Исаков ИИМдин күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун 1-батальонунун 2-взводунун кызматкери. Бир туугандар ички иштер органдарында 2018-жылдан бери кызмат өтөшөт.

Бир тууган милиция кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунан болушат.

Пикир

Оставить комментарий