• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта дайынсыз жоголгон 54 жаштагы Арстанбек Мамбеталиев изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 54 жаштагы Арстанбек Мамбеталиев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мамбеталиев 13-майда Сокулуктун Калинин айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, арык чырай, кара кору, чачы кара, көзү күрөң, сол ийининде татуировкасы бар.

Милициядан белгилешкендей, Арстанбек Мамбеталиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болгон жарандар (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номерлерине кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий