• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулукта дайынсыз жоголгон Каныбек уулу Байсалбек изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2000-жылы туулган Каныбек уулу Байсалбекке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 11-апрелинде Сокулук районунун Студенческое айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 168-169 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара түстө.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү чыптама (безрукавка), узун жеңдүү чакмак көйнөк, кара түстөгү джинсы шым, кара түстөгү бут кийим.

«Каныбек уулу Байсалбектин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү(0312) 43-01-27,
(0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0701 80 18 03 ”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий