• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта дайынсыз жоголгон окуучу кыз Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Сокулукта дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Жалилова Мария Анваровна табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2011-жылы туулган Жалилова Мария Анваровна изделип жаткан. Ал 26-ноябрда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын Красно-Армейская көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бул факты боюнча, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыздын Бишкек шаарынын аймагында жүргөндүгү аныкталды.

Бардык жагдайлар иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий