• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта дайынсыз жоголгон Тахмина Турсункулова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1987-жылы туулган Тахмина Турсункуловага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 9-июнунда Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160 см, толугураак, чачы кара түстө, ийинине чейин.

Кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү жеңи кыска көйнөк, алтын түстөгү жайкы бут кийим.

“Тахмина Турсункулованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү ((0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0708 89 13 14 (издөө тобу) ”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий