• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулукта эки дос чырдашып, бири экинчисин бычактаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда адамдын ден соолугуна атайылап залака келтирген деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалган. Бул тууралуу облустук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнө Күн-Туу айылында бычактан жаракат алган жаран тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кызматкерлер жерине барганда, ошол күнү саат болжол менен 13:30дар чамасында эки достун ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында бири экинчисин бычактагандыгы аныкталган. Жаракат алган жаран Бишкек шаарынын аймактык ооруканаларынын бирине жеткирилип, ал эми бычактаган жаран качып кеткен.

Жабырлануучу 28 жаштагы П.Ж., аттуу Чүй облусунун жашоочусу, ал эми шектүү жаран 30 жаштагы Н.М., аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилген.

Бир катар ыкчам-издөө иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү делген Н.М., аттуу жаран кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

“Учурда иштин чоо-жайы иликтенип, тергөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий