• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта өгөй атасы тарабынан сабалган эки кыздын ишин облустук сот карап чыгат

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан сабалган эки кыздын иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын Кылмыш жана жарандык сот өндүрүш башкармалыгынын жетекчинин орун басары Элмира Жумашова билдирди.

Анын айтымында, кыздарды сабады деп шектелген өгөй ата убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кыздардын апасы арыз жазуудан баш тарткандыгына байланыштуу кармалган жаранды койо берүү чечими кабыл алынган.

Бирок, прокуратура бул чечимге каршы чыгып, бардык материалдарды Чүй облустук сотуна өткөрүп берген.

Эске сала кетсек, Сокулук районунда 10 жаштагы эки кыз ар кандай жаракаттары менен ооруканага түшкөн. Ошол жерде иштеген жергиликтүү инспектор кыздарды бейтапканага алып барган. Ал эми милицияга соцкызматкерлер арыз жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий