• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта үйдөн өрт чыгып, 16 жаштагы өспүрүм иске ууланып каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда үй өрттөнүп, 16 жаштагы өспүрүм иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Сокулук айылынын Тынчтык көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:31де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылып, өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Өрттөн 71 жаштагы И.Н. аттуу жаран түтүнгө ууланып жеңил жаракат алган. Учурда кардиология бөлүмүнө жаткырылып, абалы туруктуу. Ал эми 2006-жылы туулган жаран ишке ууланып каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий