• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта күмөндүү акциздик маркалары менен алкоголь тартып алынды

Аймак 0


Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз алкоголдук продукцияларды аныктоо боюнча рейд өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, рейд учурунда күмөндүү акциздик маркалары менен жана тиешелүү документтери жок алкоголдук продукцияны ташыган унааны аныкталып, "Organic" маркасында 12 миң 156 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Товарлары менен автомашина мөөр басылып, айып салынуучу жайга киргизилип, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий