• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта майыптар иштеген тигүүчү цехти тоноп кетишти

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда белгисиз бирөөлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эмгектенип жаткан тигүүчү цехти тоноп кетишкен. Бул тууралуу облустук милиция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, 13-14-январь күндөрү белгисиз адамдар аталган цехтин киребериштеги эшиктин кулпусун сындырып, жер төлөдө жайгашкан цехтен 5 тигүүчү машина жана 2 үтүктү уурдап кетишкен.

Аталган факт Бирдиктүү кылмыштардын реестринде катталган.

Сокулук районунун милиция кызматынан ыкчам-тергөө топ жерине барып, териштирүү иштери башталган.

25 жаштагы Б.А. аттуу цехтин ээси жана жумушчулар суралган.

Баардык тиешелүү тергөө боюнча тапшырмалар берилип, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий