• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта мал уурулугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Мал жайыттардан сарайларга кайтып келген учуруна карата Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан мал уурулугун болтурбоо максатында жергиликтүү жашоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралууу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Сарайларда мал кармаган жарандар менен болгон жолугушууда, ар дайым малдарына көзөмөл кылып, кароосуз таштабоо ошондой эле сарайлардын эшиктерин ишенимдүү бекитүү зарылдыгы айтылды. Андан сырткары коопсуздук үчүн видео көзөмөл камераларды орнотуу да кылмыштуулуктарды алдын алууга шарт түзөрү айтылды.

Иш-чара учурунда Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан 190 сарай, 15тен ашуун мал союучу жайлар жана малдын терилерин кабыл алган жайлардын ээлери менен жолугушуулар болуп, мал уурулуктарын болтурбоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий