• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта мал уурулуктун алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Сокулук районунун Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылдарында уурулук кылмыштарын алдун алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБү тарабынан уурулук кылмыштардын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылдарында 2021-жылдын 14-июль күнүнөн 31-июлга чейин рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чарага Ново-Павловка аймактык милиция бөлүмчөсүнөн, Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматынан, Чүй ОИИББнын кайгуул күзөт кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен, ошондой эле КР ИИМдин АБПнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринен 50 дөн ашык кызматкерлер катышууда.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери айыл жашоочуларына алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө, андан сырткары дүкөндөрдүн жана турак жайлардын ээлерине кылмыштуулуктан сактануу эрежелери эскертилүүдө.

Учурда рейд иш-чарасы көбүнчө түнкүсүн саат 00:00 дөн эртемененки 07:00 гө чейинки убакытта өткөрүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан көчөлөрдө текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий