• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта маршруттук такси менен жүк ташуучу унаа кагылышып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.18 /Кабар/. Сокулук районунда маршруттук такси менен жүк ташуучу унаа кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мааалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-июнда болжол менен саат 3:40 чамасында болгон. “Мерседес-Спринтер” автоунаасын башкарган 33 жаштагы И.М., аттуу жаран Манас – Жаңы-Жер наа жолу аркылуу түштүк багытты карай бара жатып, унаа жолдун 1-чакырымында 31 жаштагы Т.Р., аттуу жаран башкарып бара жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 33 жаштагы маршруттук таксинин айдоочусу алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Экинчи айдоочу жаракат алып, тез жардам кызматкелери тарабынан ооруканага жектирилген.

Бардык топтолгон материалдар Сокулук районунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий