• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта мас абалында таанышын сабаган адам 5 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда мас абалында таанышын уруп салган адам 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү саат 17:00 чамаларында Ж.А. аттуу жаран үч таанышы менен спирттик ичимдиктерди ичишкен. Андан кийин чогуу отурган А.А. аттуу жаран экөөнүн ортосунда ызы чуу болуп, айыпталуучу апасын сөккөндүгү үчүн таанышын бир нече жолу уруп жиберген.

Ошол окуядан кийин жабырлануучу сыныктар бөлүмүнө жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабырлануучунун ден соолугуна чоң зыян келтирилген.

Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алган. Анын айтуусунда таанышы менен алар бир нече ай мурун урушуп кетишкен. Ошол күнү ал аны сөгүп баштаганда, айыпталуучу таанышын уруп, үйүнөн кубалап чыгарган.

Айыпталуучу өз кылгандары үчүн өкүнгөндүгүн билдирип, аны эркинен ажыратпоону суранган.

Ал эми Сокулук районунун соту айыпталуучу Ж.А. күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий