• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта милиция кызматкери сүзүп алган жөө жүргүнчү каза болду

Коом 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Сокулук районунун Шалта айлында милиция кызматкери сүзүп алган 37 жаштагы эркек жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 10-апрель күнү саат 22:15 чамасында болгон. Жөө жүргүнчү жүрүп бара жаткан машинанын алдына чуркап чыга калган. 29 жаштагы Daewoo Nexia'нын айдоочусу унааны токтотууга жетишпей, аны сүзгөн.

Жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болгон.

Унааны Сокулук райондук милициянын 29 жаштагы кызматкери айдап бара жатканы белгилүү болду.

Медициналык экспертиза милиция кызматкери кырсык болгон учурда соо болгонун көрсөттү.

Автоунаа айып аянтчасына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий