• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта мыйзамсыз колдонууга берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Сокулукта жеке жаранга мыйзамсыз колдонууга берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары” жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен Т.Ж., аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5 гектар жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук актынын негизинде Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 млн 425 миң сомго бааланган 48,5 га жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий