• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта мыйзамсыз спирт ичимдиктерин даярдоочу цех табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/.Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз спирт ичимдиктерин чыгаруучу цех табылган. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында министрликтин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери биргеликте өткөргөн киш-чаралардын натыйжасында Ново-Павловка айылында мыйзамсыз спирт ичимдиктерин чыгаруучу жана өндүрүүчү цех табылган.

Ал жерде:

  • 25 литр көлөмүндөгү 9 канистра спирт;
  • “Беленькая”, “С серебром”, “Кыргыз арагы”, “Кыргызстан” коньягы аттуу акциздик маркалары жасалган жана акциздик маркалары жок даяр 1406 бөтөлкө арактар;
  • бөтөлкөлөрдү бекитүүчү капкактар, кутучалар, мүшөктөр;
  • даяр акциздик маркалар;
  • 3500 бош бөтөлкө табылган.

Баардык материалдар толтурулгандан кийин чогултулуп алынган продукция толугу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кампасына тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн жайгаштырылган.

Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий