• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта оор жүк ташуучу унаанын аккумуляторун уурдап кеткендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Сокулукта оор жүк ташуучу унаанын аккумуляторун уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-декабрында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Новопавловка айылынын жашоочусу С.К., арыз менен кайрылып, ошол эле күнү анын жүк ташуучу автоунаасынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББсынын жана Сокулук РИИБсинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Д.М., жана М.А., аттуулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында шектүү лөрдүн Чүй облусунун аймагында дагы ушул сыяктуу 20 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий