• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сокулукта почта кызматкерлери дээрлик 1 млн сомду кымырып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Сокулукта почта кызматкерлери дээрлик 1 млн сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдү өздөрүнө сиңирип алгандыгы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен айыпкер катарында жоопкерчиликке тартылды.

Тергөө учурунда келтирилген 985 миң 651 сом зыян толугу менен өндүрүлүп, Сокулук райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий