• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Бүгүн ӨКМдин Чүй облустук башкамалыгынын Сокулук райондук бөлүмү тарабынан соода жайларга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган аймактагы “Фрунзе” соода борборунун кызматкерлерине практикалык машыгуу өткөрүштү.

"Иш-чаранын жүрүшүндө план боюнча соода борбордо капысынан өрт каттала турган болсо же кырдаал жаралса ичиндеги кардарларды жана сатуучуларды тышка карай чыгаруу. Белгиленген убакыт боюнча 10 мүнөттүн аралыгында соода борбордун ичинде бир да адам калбашы керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери соода борбордун ичинен жабыркаган жаранды сыртка алып чыгышып, ага биринчи тез жардам кызматын көрсөтүштү. Түшүндүрүү иш-чараларынын негизги максаты – ири объектилер өрт кырсыгын алдын алуу, ал эми өрт кырсыгы катталган учурда объектилердин администрациясы жана персонал тарабынан алгачкы аракеттери, өрт каражаттары менен иштөө ыкмалары тууралуу маалымат берүү болуп саналат", -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий