• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта сүттү сууга төгүп жаткан айдоочунун өздүгү такталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Сокулукта сүттү сууга төгүп жаткан айдоочунун өздүгү такталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сууга сүт куюлуп жаткан видео тараган. Аталган факты боюнча Сокулук районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, сүт ташыган айдоочунун өздүшү такталган. Ал Сокулук районунун 30 жаштагы Г.Г., аттуу тургуну болуп чыкты.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө сүт ташуучу унаанын айдоочусу чогултулган сүттү Сокулук районунун Жаңы Жер айылынан жана Жогорку Чүйдөн үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде чогултуп, сүттун курамы белгиленген тийиштүү талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу сүт алуучу ишканага тапшыра
алган эмес. Ошого байланыштуу 2022-жылдын 1-майында саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү сууга куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Чүй облусунун ИИБ кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында сүт кабыл алып жаткан жеке ишканалар менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кадимки режимде иштеп жатканы белгилүү болду.

Бул факты Сокулук РИИБнин ЖИИБге катталып, мындан ары тыкыр текшерүүлөр уланып, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий