• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта сабалган эки жаштагы баланын абалы канааттандырарлык — дарыгер

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда сабалган эки жаштагы баланын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине бала дарыланып жаткан ооруканадан билдиришти.

Дарыгердин маалыматына ылайык, баланын баш мээси жабыркаган жана денеде зомбулуктун белгилери бар.

“Учурда ал тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Палатада атасы менен болууда. Бала тамак жеп, баса алат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Сокулук райондук милициясына күн мурун саат 21:30дар чамасында ооруканага эки жаштагы К.Е. аттуу бала түшкөнү тууралуу маалымат келген.

Аталган факты боюнча текшерүү башталган.

Пикир

Оставить комментарий