• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта шифер чыгаруучу заводунда өрт чыккан — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кечээ, 8 июнда Сокулук районунун Учкун айылындагы “Шифер-Голд” желим жана шифер чыгаруучу заводунун 1 300 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, саат 00:05те толук өчүргөн.

Өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Пикир

Оставить комментарий