• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта соттук отурумда айыпталуучуларга бычак, телефон, өгөө берүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.18 /Кабар/. Сокулук райондук сотунун отурум залында эки жаш жигит айыпталуучуларга бычак, телефон, өгөө берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулукта сот отурумунда оор жана өтө оор кылмыштарды, анын ичинде 2017-жылдын ноябрь айында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качкан деп айыпталып жаткан жарандардын иши каралмак.

Ага байланыштуу сотко тергөө абагынан кармалгандар алынып келинген.

Сот жараяны башталаардан мурун 18-20 жаштагы эки жигит кайтаруучу милиция кызматкерине кайрылып, соттолуучулардын биринин буюмдарын берип коюуну суранышкан.

Милиция кызматкерлери куржундун ичин текшерип, буюмдардын арасынан 3 бычак, 3 темир өгөө жана 4 смартфон табышкан.

Милиция кармалгандарга тыюу салынган буюмдарды берүүгө аракет кылган балдарды кармашкан.

Милиция кызматкерлери билдиргендей, айыпталуучулар аталган буюмдардын жардамы менен сот имаратынан же башка жерден качып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн эле.

Пикир

Оставить комментарий