• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта «Өспүрүм - эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-18-апрелинде Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм - эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө соода-сатык комплекстеринде, унаа жуучу жайларда жана кафелерде эмгекке тартылган балдарды аныктоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Кечки убакта компьютердик клубдар да текшерүүгө алынды.

Жүргүзүлгөн профилактикалык-рейддик иш-чаралардын натыйжасында Сокулук РИИБнин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан райондун базарларында 35тен ашык жашы жете элек өспүрүм иштеп жүргөнү аныкталган.

Анын ичинен 20 өспүрүм Военно-Антоновка айылында жайгашкан унаабазарда эмгектенгендиги жана райондун мал базарында 15тен ашык жашы жете элек өспүрүмдөр жумушка тартылганы аныкталган.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык жана рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы менен жашы жете элек 2 өспүрүм профилактикалык каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий