• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Сокулукта өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-ноябрь күнү Сокулук РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору Сокулук району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу бонча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүштү.

Анда мектеп окуучуларына лекциялар окулуп, Сокулук районунун аймагында өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын себептери айтылып, мектеп окуучуларын жолдон өтүп жатканда атайын жөө өтмөктөрдөн өтүү жол кырсыктарын алдын алууга өбөлгө болору айтылды.

Лекция учурунда балдарга жолдо жүрүү эрежелери эскертилип, кулака таккыч менен музыка угуу, телефондон оюндарды ойноп жолдо басууда балдар жол кыймылына көңүл бурбай кооптуу учурларга туш болорун айтышып, ар дайым жолдо жүрүү эрежерин так сактоону эскертишти. Иш-чарада мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду кызматкерлерге узатып, жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий