• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулукта суу бөлүштүрчү шлюздарды уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Сокулук районунда суу бөлүштүрчү шлюздарды уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айынын ортосунда Сокулук РИИБине бул райондо жайгашкан мекеменин жетекчиси арыз менен кайрылган. Арыз эсси 8 даана суу бөлүштүрчү шлюздарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүнүү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн.

Аталган шлюздарды уурдаган адамдар сөзсүз аларды темир алычуу жайга өткөрөрүн эске алып, Сокулук районундагы бардык темир өткөрүү жайлары текшерилген.

Натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 29 жаштагы И.Д. аттуу жаран кармалган, ал өзүнүн кылган күнөөсүн мойнуна алып, бул кылмышты декабрь айынан баштап январь айына чейин өзүнүн жездеси менен кылгандыгын билдирген. Ыкчам издөө иш-аракетинин натыйжасында бул кылмышка шектүү делип экинчи 34 жаштагы Р.Р. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүү адамдар дагы 7 факт уурдого шектелип Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тергөө иш-амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий