• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта тоноочулукка шектелип 25 жаштагы бала кармалды

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда тоноочулука шектелип 25 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, ушул жылдын 3-январында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 03төр чамасында Сокулук районунда "Чика" аттуу чала тааныш бала анын телефонун күч колдонуп тартып алганын билдирген.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси ("Тоноо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунда туулуп-өскөн 25 жаштагы Т.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп билдиришти милициядан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий