• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта учакта акча уурдаган Кытай жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Сокулукта учакта акча уурдаган Кытай жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милициясына арыз менен П.И. аттуу Россия жараны кайрылып, арызында 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү Бишкек - Стамбул каттамы менен келе жаткан учактын бортунда белгисиз адамдар 6 миң 700 АКШ долларын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 37 жаштагы З.Х. аттуу Кытай жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий