• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта унаа жуучу жайдан акча уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Сокулук районунда унаа жуучу жайдан акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-август күнү 1985-жылы туулган С.Т. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, ушул жылдын 25-августуна караган түнү Ново-Павловка айылында жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринен анын телефонун жана 17 миң 500 сом акчасын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты КЖБРге КР Жазык кодексинин 200-беренесинде («Уурдоо») көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери боюнча катталган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын КМКнын жана Сокулук районунун ИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий