• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сокулукта ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория курулат

Коом 0

Бишкек. 04.02.19 /Кабар/. Сокулук районунда ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория курулат. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет тийиштүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда карап жактырды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев мыйзам долбоорунун максатын чечмелеп берди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Кытай өкмөтүнүн макулдашуусун ишке ашыруу максатында гранттык жардам берүү менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо каралган. Макулдашуу долбоорунда лаборатория курууга Кытай өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 650 млн кытай юаны бөлүнөрү белгиленген.

Муну менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен эл аралык талаптарга ылайыкталган айыл чарба продукциясын сертификациялоо көйгөйүнүн чечилип, ата мекендик продукциялардын экспорттун потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт.

Мындан улам, аталган лаборатория үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси келип чыккандыктан, мыйзам долбоору иштелип чыккан. Аталган министрликте мындай лаборатория курууга жер тилкелери караштырылып, Сокулук районундагы Ак-Жол айылы (Раздольное), Ат-Башы айыл өкмөтүндө жайгашкан жер тилкелери тандалып алынган.

Маалыматка ылайык, бул жер тилкесин лаборатория үчүн трансформациялоого район жетекчилери жана жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр болуп, айыл өкмөтүнүн макулдугу алынган. Мындан сырткары, мыйзам долбоорунун 2-окуудагы талкуусунда долбоорго агробиологиялык жана химиялык лабораторияларды да курууга жер тилкесин бөлүү сунушталып, кабыл алынган.

Талкууда аталган лабораториянын курулушу менен 130 жумушчу орун түзүлөрү белгилүү болду. Ошону менен катар комитет мүчөлөрү лаборатория жайгашуучу аймакка жакынкы айылдар үчүн санитардык коопсуздук сакталаарын такташты.

Пикир

Оставить комментарий