• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта өзүнүн күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Сокулук районунда өзүнүн күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-июлунда Сокулук райондук милициясына Сокулук айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде эркек киши бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалымат боюнча, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери бычакталган жаран 1989-жылы туулган К.Д. аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал алган жаркатынан улам каза болгон.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде («Адам өлтүрүү») каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейин өндүрүштүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары маркумдун 1979-жылы туулган К.М. таттуу аялы кармалды.

Болжолдуу версиялар боюнча жубайлардын ортосунда чыр-чатак чыгып, натыйжада аялы күйөөсүн бычак менен жарадар кылган.

Азыркы учурда шектүү Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий