• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулукта “Жөө өтмөк” аталышындагы алдын алуу рейди өттү

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Сокулукта “Жөө өтмөк” аталышындагы алдын алуу рейди өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБнин жана ЖКККБнын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жолго жакын жайгашкан орто мектептердин администрациясы ошондой эле ыктыярдык элдик кошуундун өкүлөрүнүн катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 25-январынан 28-январга чейин “Жөө өтмөк" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чара жөө жүргүнчүлөр арасындагы айрыкча жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын болтурбоо жана аларды алдын алуу максатында уюштурулган.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери мектеп окуучуларына жол эрежелерин сактоо, жолдон өтүүдө жөө өтмөктөрдөн өтүү, кырсыктарды алдын алуу чаралары жөнүндө лекцияларды окушту.

Иш-чаранын алкагында жолдордун туш тарабынан кесип өтөн жарандарга эскертүүлөр берилип, эрежелерди сактоо жол коопсуздугун сактоого жана кырсыктарды алдын алууга өбөлгө болору эскертилди.

Рейд учурунда 21 протокол толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий