• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.17. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен ГАЗ-53түн айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Сокулук айылынын 54 жаштагы тургунун сүзүп кеткен, 41 жаштагы О.А., аттуу жаран кармалган.

Мурдараак, Сокулук районунун Бишкек-Ош унаа жолунда белгисиз айдоочу Сокулук айылынын тургунун (1963-ж.т) сүзүп, окуя болгон жерден кетип калгандыгы тууралуу маалымдалган болчу.

Жабырлануучу алган жарааттардан улам ооруканада көз жумган.

Учурда териштирүү амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий