• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта жарандын унаасын алып, башка бирөөгө сатып жиберген шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда жарандын унаасын алып, башка бирөөгө сатып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Сокулук райондук милициясына 24 жаштагы жергиликтүү С.А. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин “Мерседес-Бенц” унаасын Дөөлөт деген адам алам деп, алдын ала 20 миң сом төлөп жоголуп кеткенин билдирген. Шектүү адам унааны башка адамга сатып жибергени маалым болгон.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 20 жаштагы И.Т. аттуу жаран кармалган. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат.

“И.Т., Санжарбек же Дөөлөт деп өзүн тааныштырган адамдан алданып жапа чеккендер болсо Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз: 0 (708) 14-88-70, 0 (554) 78 -79-76”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий