• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта жашоочулардан акча чогултуп, берген убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Сокулукта районунда жашоочулардан акча чогултуп, берген убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын август айында Сокулук РИИБине Новпавловка айылынын 32 жаштагы жашоочусу Ш.М. арыз менен кайрылып, чала тааныш эки жаран 2018-жылы Новопавловка айылындагы жаңы конуштардын биринин жашоочуларына суу жана электр энергиясын киргизүүнү убада кылып, 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражаттарын чогултуп, айткан убадаларын аткарбай из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, С.Д. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандын үстүнөн дагы 35тен ашуун факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий