• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулукта жол кырсыгында үч адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 21- январь күнү Сокулук айылына (Чүй облусу) жакын жерде жол кырсыгы болуп, үч адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 07:30 чамасында болгон. Сокулук айылына жакын жерде "Хонда Аккорд" унаасы жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, "Бишкек - Кара-Балта" багыты боюнча бара жаткан кичи автобус менен кагылышкан.

Жол кырсыгынан улам жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчү каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Ошондой эле алдын ала маалымат боюнча, кичи автобустун жети жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий