• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулуктагы аңчынын жоголушу боюнча милиция териштирүүнү баштады

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Сокулук районундагы Кичи-Тоо жергесине аңчылыкка кетип, кайра кайтпаган жаран боюнча милиция текшерүүнү баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан аңчы Дмитрий Забуновдун жоголгондугу тууралуу билдирүүсү менен анын жубайы Александра Забунова милицияга кайрылган. Анын айтымында, күйөөсү 27-ноябрь күнү саат 05:00дө үйдөн чыгып, досу менен Сокулук районунун Белогорка айылынын аймагына, Кичи-Тоого аңчылыкка кеткен жана ошол учурдан тартып анын кайда экендиги белгисиз.

Аталган факты Сокулук райондук милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Такталгандай, Дмитрий Забунов 1961-жылы туулган жолдошу Б.А. менен аңчылыкка кеткен. Б.А.нын айтымында, алар теке атышып, Дмитрий тоо тарапты көздөй кеткен жана андан кийин көрүнбөй калган. Кийин Забунов келбей, ал эми Б.А. караңгы киргенине байланыштуу досун күтпөстөн кайтып келип, анын жоголгону тууралуу билдирген.

Азыркы учурда Забуновдун жүргөн жерин аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, мындан мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоого аңчылыкка кетип, бирок кайра кайтпай калган жаран изделип жатканы тууралуу маалымат тараткан. Учурда 5 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий