• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулуктагы "Унаа" мекемесинде керектөөчүлөр үчүн банкомат, POS-терминалдар орнотулган эмес. Антимонополиянын мониторинги

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Сокулук районундагы "Унаа" мекемесинде жайгашкан “Кыргыз почтасы” МИнин кассаларында керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн төлөм кабыл алуу жабдуулары орнотулган эмес. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын 2023-жылга карата бекитилген иш-планын аткаруунун алкагында Сокулук районунун аймагында КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө” мыйзамынын нормаларын бузуунун алдын алуу максатында мониторинг жүргүзүлдү.

"Чүй облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөн “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Сокулук аймактык бөлүмүнө, Сокулук райондук Калкты тейлөө борборуна жана Сокулук райондук жалпы дарыгердик практикалык борборуна керектөөчүлөрдүн укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Анын жүрүшүндө "Унаа" мекемесинде жайгашкан “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кассаларында керектөөчүлөр үчүн төлөөнүн накталай эмес формасында акы төлөөнүн жүргүзүлбөгөндүгү же болбосо POS-терминалдар жана башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулардын жоктугу аныкталды (программалык-техникалык түзүлүш).

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин жана Улуттук банктин 2022-жылдын 16-декабрындагы №680/66-6 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө" токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий