• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соль-Илецктен келгендердин арасында обсервация шарттарын бузуп, качууга аракет кылгандар болду – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Соль-Илецк шаарынан келгендердин арасында обсервация шарттарын бузуп, качууга аракет кылгандар болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 542 жаран "Манас" аэропортунун жанындагы Семетей обсерваторуна жаткырылган.

"Биздин коюп жаткан талаптарга баш ийбей, тартипти сактабастан обсервациянын шарттарын бузуп жатканы кейиштүү болуп жатат. Жаман сөздөрдү айтканга чейин барып, биздин медицина кызматкерлерди дагы жөөлөп, түрткөн туура эмес көрүнүштөр болду. Обсервациядан качуу аракети болду. Түнкүсүн ал жерге милиция кызматкерлерин тартканга мажбур болуп жатабыз. Жарандардын тартипке баш ийбей жатканын айтып кетиш керек болду. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абалды карап жатабыз. Биздин кары-картаңдар үчүн бул дарт коркунучтуу болгону үчүн обсервацияга, карантинге алып, атайын шарт түзүп жатканыбызды туура эмес түшүнгөндөр болууда", - деди ал.

Ал Соль-Илецк шаарынан келген 55 жарандан коронавирус аныкталганын айтып, обсервациядагы жарандар кошумча убакыт ал жакта болорун билдирди.

"Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды кошумча убакыт медициналык көзөмөлдө калтырылат. Кайрадан лабораториялык изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен үй карантиндерине чыгаруу маселесин өзүнчө карап, чечим чыгарылат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус жуктурган 71 жаңы учур катталды: анын 16сы Кыргызстандын ичинде жана Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын ичинен 55 адамдан коронавирус аныкталган. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1002ни түзөт. Алардын ичинен 675 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий