• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сологойлор тууралуу эмнелерди билбейбиз

Дүр дүйнө 0

Азыркы тапта сологойлор өзгөчө адамдар катары саналышат, өзгөчө батыш өлкөлөрүндө.

Айрым белгилүү адамдар сологойлор болгону талашсыз эмес. Алсак, Альберт Эйнштейн, Усама бен Ладен жана Джек Потрошитель чыныгы сологойлор. Сол колу негизги кыймылдарды аткаруучу адамдар тууралуу көптөгөн кызыктуу фактылар бар.

Жер калкынын 10-12%ы сологойлор.

Сологойлор арасында аялдарга караганда эркектер басымдуулук кылат.

13-август – Эл аралык сологойлор күнү.

Бир нече булактардын маалыматына ылайык, сологойлор оң колдууларга караганда 9 жылга аз жашашат.

Абройлуу изилдөөчүлөр сологойлор алкоголизмге, шизофренияга берилип жана китеп окууга жөндөмсүз келишери тууралуу ырасташкан.

40 жашында төрөгөн аял 30 жашында төрөгөн аялга караганда сологой бала төрөшү мүмкүндүгү 130%.

Чыгыш маданиятында сол кол "таза эмес" катары саналат.

Дүйнөнүн бир катар жерлеринде азыркыга чейин сологой балдарды өзүнө ыңгайлуу кол менен кыймылдаганы үчүн жазалап келишет.

Сологойлор демейде он жакты карап турган жандыктардын сүрөтүн тартышат.

АКШда окуу жайлардагы жогорку жетишкендиги үчүн сологойлорго атайын стипендия берилет.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, оң колдуулар сол кол менен жазганды үйрөнгөнгө караганда, сологойлор оң кол менен жазганды тез үйрөнүшөт.

Жер шарынын калкынын 1 гана пайызы эки колу менен бирдей кыймылдай алышат. Аларды амбидекстрлер деп аташат.

Маалымат булагы: MixStuff

Пикир

Оставить комментарий