• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Солтонбекова: Социалдык мекемелерге жардам көрсөтүү максатында Швейцариядан грант түрүндө жардам келген

Коом 0

Бишкек, 12.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги социалдык-стационардык мекемелерге жардам көрсөтүү максатында Швейцариядан грант түрүндө жардам келген. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Швейцария өкмөтү тарабынан 2 миң швейцариялык франк грант түрүндө келген. "Ал акча каражатка атайын азык-түлүк сатылып алынган. Алсак, ун, өсүмдүк майы түрүндөгү жардам мекемелерге таратылып берилди. Азык-түлүктүн жалпы көлөмү 266 миң 683 килограммды түзгөн. Министрликтин 17 социалдык-стационардык мекемесине 204 миң килограмм ун жана 19 миң килограммдан ашык май берилди", - дейт ал.

Солтонбекова кошумчалагандай, Соцөнүктүрүү министрлигиндеги 17 социалдык-стационардык мекемелерде 2 миң 370 жаран жашайт. Анын 724ү улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. 1 миң 226сы психологиялык-неврологиялык оору менен ооругандар, 420сы балдар.

Пикир

Оставить комментарий