• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Солтон-Сары: Элдин жолду жабуу ниети жок – Боронов

Аймак 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Нарын облусунун стратегиялык жолу жергиликтүү тургундар тарабынан жабылбайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал жергиликтүү бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзүп, бир пикирге келишкенин белгиледи.

"Абал көзөмөлдө турат. Жол жабылбайт", - деди ал.

Анын айтымында, иштеги техникалык эреже бузуулар болгондуктан кытайлык Zhong Ji Mining Company компаниясынын ишмердиги убактылуу токтотулду.

"Мамэкотехинспеция кен казып иштеген компаниялардын техникалык эрежелерди аткарышын маал-маалы менен текшерип турат. Zhong Ji Mining Company компаниясы акыркы ирет текшерилгенде эреже бузуулар аныкталып, алар эскертүүдөн кийин жоюлган эмес", - деди Боронов.

Боронов белгилегендей, чыр мушташтан улам келип чыккан. Учурда жергиликтүү тургундар Zhong Ji Mining Company компаниясынын ишин токтотууну талап кылышууда.

"Биздин оюбузча, мушташтын мындай чырга айланышы белгилүү бир кызыкдар тараптардын аралашканы үчүн болгон. Азыр жеринде атайын комиссия иштөөдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, ИИМдин билдиргени боюнча, 2019-жылдын 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300гө жакын болгон.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий