• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Солтон-Сары: Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат

Аймак 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, азыркы учурда Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат жана мыйзамга ылайык туруктуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Окуя болгон жерге Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары барышкан.

"2019-жылдын 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300гө жакын болгон. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 5-август күнү Солтон-Сарыдагы чырдан кийин "Zhong Ji Mining" кытайлык алтын кен компаниясынын 20 жумушчусу 6-август күнү саат 04:30да Нарын облустук ооруканасына келип түшкөн. Аларга жабык баш мээ жаракатын алган жана баш мээлери чайкалган деген диагноз коюлган. Алардын абалы туруктуу.

"Алар тийиштүү дарыланууну алып, баардык дары-дармектер бар", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда абал туруктуу.

Ошондой эле Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушуу үчүн жерине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жөнөп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий