• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Солтон-Сарыдагы чыр: Кытайлык компаниянын 19 кызматкери ооруканадан чыкты

Аймак 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Нарын облусунун Солтон-Сары кенинде чыккан чырдан жабыркаган Zhong Ji Mining компаниясынын 19 кызматкеринин абалы "канааттандырарлык" деп, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылган. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 1 жергиликтүү жаран ошол эле оорукананын сыныктар бөлүгүндө дарыланууда.

“Андан тышкары Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна медициналык кызматтарды алуу үчүн Zhong Ji Mining компаниясынын 28 кызматкери кайрылган. Баардык кайрылгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, баардыгы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300гө жакын болгон. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий