• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Солтон-Сарыдагы чыр: УКМК интернетте жарыяланган видеотасмалар боюнча билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) массалык маалымат каражаттарында, интернет-сайттарда жана социалдык тармактарда “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу интернетте жарыяланган видеотасмалар боюнча билдирүү таратты.

Видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, инвесторлор менен «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн экени айтылат.

"Белгилей кетсек, мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратат. Буга байланыштуу, УКМК жогорудагы коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий