• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Солтонбекова: Аялдардын саламаттыгын чыңдоо, гендердик зомбулуктун алдын алуу негизги багыт бойдон калууда

Ден соолук 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Аялдардын жана кыздардын ден соолугун чыңдоо, психикалык жардам көрсөтүү аркылуу гендердик зомбулуктун алдын алуу министрликтин ишинин маанилүү приоритеттеринин бири бойдон калууда, жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен дагы тыгыз кызматташуудабыз. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Баткен облусунда кадыр-барк жана репродуктивдик ден соолук үчүн топтомдорду таратууга катышып атып билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, гуманитардык жардам топтомдору БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду #ЮНФПА жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Баткендеги филиалы менен биргеликте даярдалып таратылды.

ЮНФПА КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин суранычы боюнча кадыр-барктын жана репродуктивдик ден соолуктун 3000 комплект түрүндө жардам көрсөттү.

"Биз аялдарга жана кыздарга репродуктивдик ден соолукка жана үй-бүлөнү пландаштырууга көмөктөшүү үчүн өзгөчө кырдаалдар кызматтарын күчөтүү боюнча ишибизди улантабыз. Бул кызматтар чыр-чатак учурунда өзгөчө актуалдуулукка ээ болушат. Ар-намысты коргоо, татыктуу жашоо шарттарын илгерилетүү - бул биздин биргелешкен аракеттерибиздин жана милдетибиз”, - деди ЮНФПА кеңсесинин башчысы Азамат Баялинов.

Андан тышкары, учурда аймактын жашоочуларына психикалык социалдык жардамды натыйжалуу уюштуруу, ошондой эле бул иш боюнча өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы координацияны күчөтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады. Кийинки жумада Баткен жана Лейлек аймактарында психологдор тобу иштей баштайт деп пландаштырылууда.

Облустун саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулардын алкагында Ализа Солтонбекова өнөктөш уюмдар менен биргеликте жабыркаган кыздар жана аялдар үчүн репродуктивдик саламаттыкты сактоо кызматын натыйжалуу көрсөтүү үчүн медициналык топтордун ишин жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий