• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айрым аялдар "Баатыр эне" наамы үчүн бала асырап алышат – Солтонбекова

Коом 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Айрым аялдар интернаттан бала багып алуу үчүн жүгүрүп, наам, сыйлык алгандан кийин аларды кайра артка кайтарышат. Бул тууралуу журналисттерге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын 9 айында өлкөбүздүн жарандары 521 бала, чет элдиктер 20 бала асырап алган.

"Өлкөбүздүн интернат жана балдар үйүндө 12 миң бала бар. Багып алгандардын арасында ар кандай адамдар бар. Айрымдары баланы алып кетип, "Баатыр эне" наамын, сыйлыктарды алгандан кийин аны кайра алып келишет. Кээ бир энелер интернаттан 5 бала алып, кээ бир балдарды кайтаргысы келет. Бирок алар жаңы энелерине көнүп калган болот. Буга байланыштуу баланы асырап алуу бир мөөнөттү алышы керек деп эсептейбиз. Себеби баланы багып алып жаткандар ага моралдык жактан даяр болушу кажет. Жаран бала багып алууну чечип, документтерди чогулта калып, кийинки күнү келип баланы алып кеткендей болбошу зарыл", - дейт Солтонбекова.

Ошондой эле ал мекеме асырап алуучуларга психологиялык жардам берип, ал үй-бүлө менен байланышта болуу үчүн райондордо кризистик борборлорду ачууну пландап жатат деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий