• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Солтонбекова: Бир дагы жаран Баткенге уруксатсыз жүк ташыбашы керек

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова "Баткенге жардам" кайрымдуулук штабынын жыйынын өткөрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткирүү боюнча маселелер талкууланды.

Ализа Солтонбекова бир дагы жаран Баткенге уруксатсыз жүк ташыбашы керектигин билдирген. Анткени жарандык унааларды өткөрүү пункттары аларды өткөрбөйт.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда калкка жардам берүүнү каалагандар "Жардам Баткендин" штабына кайрыла алышат. Ал жерден Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүк ташуучу унаалар менен Баткен облусуна жеткирилет", - деп кошумчалады ал.

Штаб Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан.

Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот: 0558 98 88 88; 0705 15 13 00

Пикир

Оставить комментарий