• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Солтонбекова: Гендердик квотанын 38%ын камсыздоо – жергиликтүү кеңештердеги аялдар өкүлчүлүгүнүн чоң жетишкендиги

Коом 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Гендердик квотанын 38%ын камсыздоо – аялдардын жергиликтүү кеңештердеги өкүлчүлүгүндөгү чоң жетишкендик. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жергиликтүү кеңештин аял депутаттарын сыйлоо аземинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүн кубанычтуу күн болуп жатат, анткени кол коюлган мыйзам нормаларына ылайык жергиликтүү кеңештерге өткөн аял-депутаттарды сыйлоо аземи өтүп жатат жана ал 38% квотаны түзөт. “Бул аялдардын жергиликтүү кеңештердеги өкүлчүлүгүндөгү чоң жетишкендик. Мунун бары окутууларга, тренингдерге жана ушул аялодар менен жүргүзүлгөн иштердин аркасында жетишилди. Лидер аялдарды жеринде окутуу үчүн министрлик тарабынан мамлекеттик социалдык буйрук аркылуу каражат бөлүнгөн, алар шайлоого катышып, бүгүн минтип жакшы жыйынтык көрсөтүп жатышат. Бул аялдар эң жакшы мектептен өтүшүп, коомдун социалдык-экономикалык жашоочусуна активдүү катышышат”,-деди ал.

Министрдин орун басары бул ишти улантуу керектигин айтып, ошону менен алар башка жогорку кесиптерде дагы суроо-талапка ээ болорун белгиледи.

Ал буга чейин айрым айылдык кеңештердеги жергиликтүү кеңештерде аялдар болбогонун баса белгиледи.

“Биз коомдо аялдар, балдар жана кары-картаңдар көп учурда зомбулукка дуушар болуп жатканына күбө болуп келебиз. Эми бул депутат-аялдар жеринде алардын укугун жана эркиндигин коргоо боюнча мыйзам долбоорлорун демилгелешет.

Алар мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык коомдун жана эми депутаттык корпустун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого салым кошушат. Аялдар коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүшүп, аларды чечүү жолдорун табышат”,-деп ишенет ал.

Пикир

Оставить комментарий